Орусия президенти Кара деңиз түбүнө түштү

Президент В.Путин батискапта. Крым. 18.8.15.

Орусия президенти Владимир Путин Крымдагы сапары учурунда археологдорго кошулуп Кара деңиздин түбүнө түштү. Ал Севастополь районунда орусиялык географ илимпоздор менен бирге суу астында сүзүүчү кемеге отуруп, изилдөөгө катышты. Орус президенти бул учурду "эң мыкты саякат" деп баалады.

Бул Путиндин суу түбүнө түшкөн алгачкы аракети эмес. 2009-жылы ал Байкалдын түбүнө түшкөн. 

Орусия президентинин Крымга жасаган соңку сапарын бул аймакты өз мамлекетине таандык чөлкөм  катары караган Украинанын жетекчилиги сынга алды. (SE)