Чоң Чүй каналына үч өспүрүм чөгүп кетти

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Окуя, 19-августта Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында болгон. Маалыматка караганда, сууга чөккөндөр 16 жаштагы Жаныбек уулу Азим, 11деги Данияр Абдуллаев жана тогуз жаштагы Бахром Каримов.

Учурда алардын сөөгү изделүүдө. (МТо)