“Эгемен Кыргызстан” шайлоого “КСДПсыз парламент” урааны менен барат

Бул тууралуу партия лидери Бектур Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, “Чындык”, “Ак калпак” партиялары “Эгемен Кыргызстандын” аты менеен шайлоодо ат салышат. Партия шайлоого “КСДПсыз парламент”, “Атамбаевсиз Кыргызстан” деген радикал ураандар менен баратат. Алар кечээ, 19-августта курултай өткөрүп, 138 талапкерди БШКга сунуштаган. Тизменин башында Кубанычбек Кадыров, Улукбек Маматаев, Эркин Асаналиев, Аскер Сакыбаева жана Бектур Асанов бар.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 34 партия катышуу ниетин билдирген. Ушул кезге чейин 12 партия курултайларын өткөрүп, талапкерлер тизмесин тактаган. 5 миллион сомдук күрөөнү алардын тогузу гана төлөдү. (UEz)