Орусияда кармалып турган 72 миң тонна ветеринардык дары-дармек коё берилди

Орусиянын аймагында кармалып турган Кыргызстанга келчү 72 миң тонна ветеринардык дары-дармек коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Ветеринардык товар Бельгиядан Кыргызстанга алынып келе жаткан. 18-августта Орусиянын Тверь, Псков облустарынын чек ара жана ветеринардык кызматы дары-дармектердин сапат сертификаты, ЕАЭБ уруксат кагазы жана товарды коштоп жүрүүчү документтери жок экенин билдирген.

Министрлик бул ветеринардык дары-дармектер кармалганга чейин эле толугу менен текшерүүдөн өткөрүлгөнүн айтууда.  

Мыйзам боюнча аталган товарларга ЕАЭБнын бирдиктүү бажы төлөмү алынат.