Баткен: сууга агып бараткан 8 жаштагы бала куткарылды

Төрт-Гүл суу сактагычынан чыгып Баткен шаарын аралап өткөн чоң каналга агып кеткен 8 жаштагы баланы талаада иштеп жүргөн жергиликтүү Төлөнбай Мадалиев куткарып калды. Каналдын агымы тез болгондуктан, ал агып кеткен баланы автоунаасы менен кууп жетип куткарган. Куткарылган баланын ден-соолугу жакшы.

Акыркы айда эле ушул каналга 3 адам агып, анын экөөсү каза болгон. Жергилктүү элден агымы чоң каналга коопсуздук чарларын орнотуу боюнча сунуш-талаптар буга чейин да айтылган.(JsA)