"Датка-Кемин" долбоору ишке берилди

"Кемин" көмөкчү чордонунун кубаттуулугу 500 кВ.

"Кемин" 500 кВ көмөкчү чордону Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын электр энергия менен камсыздайт.

"Датка-Кемин" 500 кВ аба электр чубалгысынын курулушунун бүтүшү менен 500-200 кВ өз энергетикалык ички шакек түзүлдү.

Долбоорду Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырды

Көмөкчү чордон менен катар ишкерлердин жашоосуна ылайыкташкан энергетикалык жатакана курулду.

Электр линиялардын узундугу 405 км.

Иш-чаранын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышты.

2012-жылдын 23-февралында Кыргызстан Улуттук электр тармактар ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда 389 млн. АКШ доллар суммасында келишимге кол коюлган. 

Кемин көмөкчү чордонун курган кытайлык жумушчулар.

"Кемин" көмөк чордонунун сырткы көрүнүшү.

"Кемин" көмөк чордонунун ачылыш аземиндеги катышуучулар.

"Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана "Кемин" көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жылдагы эң ири долбоорлордун бири.

"Кемин" көмөкчү чордону "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түйүнүнүн бир бөлүгү болуп калат.

Долбоор өздүк керектөө үчүн башка мамлекеттердин энергетикалык тутумдары аркылуу электр энергиясынын транзитинен энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылды.

"Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы аркылуу, Кыргызстан транзит үчүн жылына он миллион долларды коңшуларына төлөбөй калат.

Жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу үчүн 922 электр мамысы орнотулган.

Курулушу 2012-жылдын август айында башталган "Кемин" подстанциясын кытайлык ТВЕА компаниясы курду.