Президент: Кыргызстан – региондо эң эркин өлкө болуп калды

Бишкектин борбордук аянтындагы салтанаттуу иш-чарага катышкан президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алганын белгиледи.

“Туура беш жыл мурда - 2010-жылы өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен, мамлекетибиз бөлүнүп-жарылып кетпесе экен деп жаратканга жалынганым эсте. Эми беш жыл өткөндөн кийин, Кудайга рахмат, өлкөбүзгө тынчтык менен туруктуулук орноду, мамлекетибиздин кереге-боосун бекемдей баштадык деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы ар бир адамдын өсүшүнө шарт түзүлгөнүн, Кыргызстан чөлкөмдөгү эң эркин өлкө болуп калганын кошумчалады. (КЕ)