Ошто эгемендик майрамга 700 миң сомго жакын жумшалды

Ош шаарында эгемендиктин 24 жылдыгын уюштурууга жергиликтүү бийлик 700 миң сомдой каражат жумшады. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

290 миң сом оюн-зоок өткөрүү үчүн кийим-кече тигүүгө, 400 миң сом аянтты жасалгалоого сарпталды. Жергиликтүү бийлик кечкисин шаардын борбордук спорт майданында жаштар үчүн бий кечесин өткөрөт. Ага белгилүү эстрада жылдыздары келери күтүлүүдө. (YI)