Биометрика Сарпашевге иштеген жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге шайлоо аппаратынын өзгөчөлүгүн көрсөтүп жатканда, техникалык себептер менен аппарат иштебей калды. Ал журналисттерге "карусель" схемасын көрсөтүп, бир адамдын эки жолу добуш берүүсү мүмкүн эмес экенин көрсөтүп жатканда, аппарат иштебей, техниктердин кийлигишүүсүн талап кылды. Окуяга байкоо салган премьер-министр Темир Сариев "аппарат журналисттерден сүрдөп кетти" деп тамашага салды. Жыйын жүрүшүндө Сариев техника бузулушу ыктымал экенин жашырган жок.