Эпос фестивалына президенттик фонддон 1 млн. сом бөлүндү

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен эл аралык III элдик эпостор фестивалын өткөрүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине президенттик фонддон 1 млн. сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Фестивалдын салтанаты борбордук "Ала-Тоо" аянтында улантылууда. Аянтта театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, фольклордук чыгармалардын коштоосунда улуттук кийим-кечелер көрсөтүлдү. 6-сентябрга чейин уланчу иш чарага 15 мамлекеттен 45 өкүл катышууда.

Мындан сырткары, программада эң мыкты боз үй, эң мыкты дастанчы жана “көчмөн” стилиндеги эң мыкты кийим багытында сынактар уюштурулат. (КE)