Бишкекте элдик эпостор жаңырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте эл аралык III элдик эпостор фестивалы башталды. Анын алкагында Ала Тоо аянтына тигилген боз үйлөрдө театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү өттү. Эпос жана дастан айтуу боюнча кароо-сынак Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында башталды.