Эртең, 8-сентябрда кыргыз премьер-министри Темир Сариев орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Жолугушуу Беларустун Гродно шаарында өтөт.
Эртең Гроднодо Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммити болот. Уюмдун алкагында саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө болгон ЕАЭБге Кыргызстан быйыл август айында кирген. (UEz/RK)