Мелис Аспековду бошотуу талабын койгон көчө жыйын өтөт

Бул тууралуу анын жардамчысы Мухит Мамытов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, БШК Мелис Аспековду “Мекен ынтымагы” саясий партиясынын талапкери катары каттап, талапкерлик мандатын 3-сентябрда берген. 8-сентябрда Свердлов райондук сотунда Аспековдун иши каралмак. Бирок сот 14-сентябрга жылдырылды. Буга байланыштуу Мелис Аспековдун тарапкерлери бүгүн Ак үйдүн алдында көчө жыйын өткөрүшөт.

“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков 20-августта камакка алынган.Милиция аны такси айдоочусунун арызынын негизинде камакка алган. Аспеков айдоочуга жол кире бербей, тапанча такаган деп айыпталган. Бирок муну анын cанаалаштары куру доомат деп, саясий буйрук катары сыпатташууда.(ZKo)