Турдакун Усубалиев менен коштошуу зыйнаты

Усубалиев менен коштошуу зыйнаты буга чейин Тарых музейинде болору кабарланган эле. Бирок эл көп келгенине байланыштуу ал иш-чара Ала-Тоо аянтында өттү.

Турдакун Усубалиевди жерге берүүнү уюштуруу иштерин премьер-министр Темир Сариев жетектеди.

Маркум менен коштошууга эски-жаңы мамлекеттик кызматкерлерден башка замандаштары, шаардын тургундары, жаштар жана кичи мекенинен жердештери да келген экен.  

Ала-Тоо аянтына батпай кылкылдаган элди милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду. 

Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча митинг-реквием президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү. 

“Ал кишинин акыркы китеби “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деп аталат. Мына ушул сөз улуу инсандын өз элине болгон терең сүйүүсүн, ак пейлин чагылдырат. Ардактуу аксакалыбыз бүт өмүрүн мекенине, Кыргызстанга арнаган”,-деди өлкө башчысы.

"Кыйын учурларда Кыргызстандагы кандай гана ири имараттарды курган жок. Анын ичинде Ала-Тоо аянты, аэропорт, филармония, Илимдер академиясынын имараттары бар. Мунун баарын ал адам жети жылдын ичинде тургузуп койду", — деди Апас Жумагулов. 

Турдакун Усубалиевдин мамлекеттик сыйлыктары. 

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.

Турдакун Усубулиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп, республиканы башкарган.