Жер астынан нан тапкандар

Бир жылда облус боюнча эки жүз миң тоннадан ашык көмүр өндүрүлөт.

Жалпы казылган көмүрдүн 30 пайыздайы  облус калкын көмүр менен камсыздайт.

200 метрден төмөн жер астында иштеген шахтерлер айына орточо эсеп менен 20 миң сомдон ашык маяна алышат.

Ашкан көмүр негизинен Тажикстанга жана Ош, Жалал-Абад облустарына сатылат.

Ал эми коопсуздук маселеси боюнча мекеме жетекчилиги адистер менен тынымсыз окутуп, машыгууларды өткөрүп турушат.

Шехтерлер үчүн жылдын жай айларында иш бир аз кыскарса, калган мезгилде эки смен менен иштешет.

Албетте маянасы жакшы жумуш болсо жер астына түшпөйт элек дешет.

Айран-сүттү болсо шахтерлер өз маянасына сатып алып ичип турушат.