Топо жана Улуу-Чат бажы бекеттери маселеси талкууланды

Ортолук эреже-шарттар Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытайдын Үрүмчү шаардык бажы башкармалыгынын эки күндүк жолугушуусунда талкууланды. Анда тараптар кыргыз-кытай чек арасындагы Топо жана Улуу-Чат бажы бекеттеринен жарандар менен жүктөрдүн өтүшүнө байланыштуу маселени талкуулап, өткөрмөлөрдө бажы көзөмөлүн биргелешип жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Жолугушууда кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин ишин 7 күнгө, 12 саатка жылдыруу маселеси, товарлардын менен унаа каражаттарынын статистикасы боюнча маалымат алмашуу жөнүндө да сөз козголду.

Тараптар аткез товарлар, маңзат, курал-жарак жана башка тыюу салынган товарларга көзөмөлдү күчөтүү жана күрөшүүдө биргелешип иштөөнү макулдашты.

Кыргызстан ЕАЭБге 12-августтан тарта мүчө болду. Биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн кирүүчү товарлардын бажы төлөмдөрү кымбаттап, бажы бекеттеринде көзөмөл күчөтүлөрү белгиленген.(ZKo)