UNICEF: Күн сайын дүйнөдө 16 миң наристе чарчап калууда

Дүйнө жүзү боюнча күнүнө беш жашка толо элек 16 миң бала чарчап калууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдоосу боюнча, балдардын өлүмү 1990-жылга салыштырмалуу азайды. 1990-жылы 12,7 миллион наристе көз жумса, 2015-жылы бул сан 5,9 миллион болду.

UNICEFтин 2015-жылдагы отчетунда төрөлгөндөн бир айга жетпей чарчап калгандар жалпы балдар өлүмүнүн 45 процентин түзөрү маалымдалды.

Балдар ич өткөк, пневмония, безгек жана сепсис ооруларынан көз жумуп жатышат. (BCh)