Жапониянын түндүк чыгышында табият кырсыгынан улам 100 миңден ашуун адам там-жайын таштап качты.
Эки күндөн бери нөшөрлөп төккөн жамгырдын кесепетинен Кинугава дарыясы нугунан чыгып, Токионун түндүгүндөгү Жосо шаарын көздөй агылууда. Премьер-министр Шинзо Абэ суу ташкында жабыркагандар коопсуз жайларга көчүрүлүп жатканын билдирди: "Бул чөлкөмгө катуу жамгыр жааганы тынчсыздандырат. Өкмөт адамдарды куткарууга жана чоң мүшкүлгө жол бербегенге бар аракетин жумшоодо".
Эки күндөн берки Этау бороон-чапкынында жети киши дарексиз жоголуп, 17 киши жарадар болгону маалымдалды.