Кыр-Жолдун тургундары прокуратурага арыз жазышты

Райондун Кыр-Жол айылынын тургундары киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 44 жаштагы Кубаныч Мамбетовдун табышмактуу өлүмүн милиция жол кырсыгына байланыштырып, тергебей жатат деген жүйө менен облустук жана Башкы прокуратурага арыз жолдошту. Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун агасы Тургуналы Мамбетов билдирди.

“4-сентябрда инимдин сөөгү айылдагы сайдагы суудан, ал эми унаасы жол жээгиндеги кырдан табылган. Унаа талкаланган эмес, ал эми инимдин башы таанылгыс болуп урулган. Бул жагдайды Сузак милициясы жол кырсыгына байланыштырып кылмыш ишти жабуунун аракетинде”, -деди Мамбетов.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Адыл Андашев маркумга соттук-медициналык эспертиза жүргүзүлгөнүн, тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу маалымат бере албастыгын билдирди. (RsK)