Азербайжанда парламенттик шайлоого 500 талапкер катталды

Бул тууралуу Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Мазахир Панахов билдирди. Катталган талапкерлердин 254үн ар кандай саясий партиялар көрсөткөн. 13ү “Азадлыг-2015” саясий партиясынын блогу аркылуу чыгууда. Калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. БШК талапкерлердин 300гө жакынын бекитти. Шайлоону чагылдыруу үчүн 74 байкоочу катталды.

Азербайжанда Милли Межилиске депутаттарды шайлоо 1-ноябрга белгиленген. Буга байланыштуу буйрукка президент Илхам Алиев сентябрдын башында кол койгон. Милли Межилис 125 депутаттан турат. Депутаттар мажоритардык система аркылуу шайланып келишет. Азербайжанда парламенттик шайлоо ар бир беш жылда, ноябрдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт. (КЕ)