Кошумча шайлоо участокторуна катталуу 19-сентябрда токтойт

Кошумча шайлоо участогуна катталып, добуш берүү укугу шайлоо күнү өзү катталган жерден башка аймакта болуучу шайлоочуга берилет. Расмий түрдө шайлоого катышып, добуш берүү үчүн шайлоочу №2 формасындагы арызды толтурууга тийиш. Арызды өзү жашаган жерге жакын жайгашкан кошумча шайлоо участогуна 19-сентябрга чейин барып, толтуруп, шайлоочу катары каттала алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКдан маалымдашты.

Жалпы Кыргызстан боюнча Бишкек шаарында 39 жана Ош шаарында жети кошумча шайлоо участоктору ачылды. (ZKo)