Чаткалда кен казган компанияга каршы мөөнөтсүз акция башталды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чатдалаш айылынын тургундары аймакта алтын казуу иштерин жүргүзгөн “Бустер” компаниясынын заводу жайгашкан жерге боз үй тигип, мөөнөтсүз нааразычылык акциясын башташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын көчө комитетинин төрагасы Нармат Молдалиев билдирди. Алар компания айылды Жаңы-Базар кыштагы менен бириктирген көпүрө куруп беребиз деген убадасын 3 жылдан бери аткарбай жатканына нааразы болууда.

Чандалаш айылында 60 түтүн эл жашайт. Район борборуна баруу үчүн ортодогу сайды айланып, 13 км басышат.

“Бустер” компаниясы түштүк кореялык ишкерлерге таандык. Азырынча ишканадан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (RsK)