Энеси унуткан 2 жашар наристе табылды

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, 2 жашар Жанер Тыналиев бүгүн Кызыл-Аскер районунун аймагынан көчөдө жалгыз жүргөн жеринен табылды.

Ал 13-сентябрь күнү жоголуп, эки күн бою көчөдө калган. Энеси спирт ичимдигин ичкени үчүн уулун кайда калтырганын эстей албай койгон. Учурда окуяны иликтөө иштери уланууда. (AzK)