Мугалимдин адистик чеберчилиги аныкталат

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева бүгүнкү маалымат жыйында кабарлады. Министрдин айтуусунда, бүгүнкү күнү мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана мугалимдердин ишине элдин нааразылыгы күч:

- Көпчүлүк ата-энелер мектептеги билим берүүгө, мугалимдин деңгээлине нараазы. Мындан улам биз мугалим деген кандай болушу керектигин аныктаган талаптарды иштеп чыгабыз.

Министр эмки жылы мектеп мугалимдери аттестациядан өткөрүлөрүн кошумчалады. Элвира Сариеванын белгилөөсү боюнча, мугалимдердин аттестациясы кызматтан кетирүү максатын көздөбөйт.

Быйылкы окуу жылында 1800 жаш адис аймактардагы мектептерге жөнөтүлдү. (JM/ZKo)