Өкмөт башчы саясий партияларды добуш сатып албоого чакырды

Өкмөт башчы Темир Сариев саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда ырастагандай, өкмөткө айрым саясий партиялар шайлоочуларды сатып алууга аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө:

-Биздеги маалыматтар боюнча, кээ бир партиялар ар бир шайлоочунун добушу үчүн азыр 1000 сомдон, добуш берген соң дагы ошончо суммада акча сунуш кылып жатышат. ИИМ бул маалыматтарды так иликтеп, конкреттүү фактыларды БШКга берет.

Темир Сариев ошондой эле шайлоого катышып жаткан партияларды шайлоо бүткөндөн кийин анын жыйынтыгын таанууга чакырып, “митинг өткөрбөөнү, бийлик имараттарын басып албоого, саясий маданияттуулукту көрсөтүүгө” үндөдү.

Өкмөт башчы буга чейин да шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп, кырдаалды бузууга аракет кылгандар мыйзамга ылайык жоопко тартыларын эскерткен.(AKu;ZKo)