Биометрикалык каттоодон өткөндөр саны 2 млн. 800 миңден ашты

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маалыматы боюнча биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 млн. 808 миңге жетти. Анын айтымында, биометрикалык маалыматты жарандардын көбү акыркы 4-5 айда тапшырган.

Жарандардын биомаалыматын чогултуу 18-сентябрда токтотулуп, 19-сентябрда шайлоочулардын тизмеси жарыяланат. Биометрикалык маалымат топтоо өнөктүгү өткөн жылдын сентябрында башталган. (UEz)