Доллар курсу кайра 70 сомдон ашты

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллардын курсу кайра жогорулоодо. Ушу тапта 1 АКШ доллары 70 сом 30 тыйындан сатылып жатат.

Сомдун тынымсыз арзандоосун токтотуу үчүн Улуттук банк жума ичинде эки жолу интервенция жасап, курс бир аз төмөндөгөн болчу. Мисалы, кечээ, 18-сентябрда сатуу курсу 68 сом 90 тыйынга түшкөн.

Улуттук банктын бүгүн, 19-сентябрга карата расмий курсу долларга карата 70 сом 23 тыйын болууда.

Бир ай мурда доллар 62 сомго сатылып жаткан. (RK)