Багдадда бомба коюлган машина жарылып 11 киши набыт кетти

Багдад шаары

Расмий адамдардын маалымдашынча, 21-сентябрда Ирактын борборундагы шийиттер жашаган Амин районунда базардын жанында турган машина жарылганда 11 киши каза таап, 40тайы жаракат алды. ​

Багдадда Ирактын жана Сириянын бир канча аймагын басып алган "Ислам мамлекети" тобу тарабынан тез-тез бомба чабуулдары болуп турат. 
Бул чабуулдар адатта Ирактагы шийиттерге карата жасалат.