Минскидеги Донбасс боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады

Украина чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен өткөн кезектеги Минск сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктады. Донбасстын өкүлдөрү 4 айдан бери ок атышпоо келишимине даяр экенин билдиргени менен, ага кол коюудан баш тартып келатышат.

Украина-Орусия сүйлөшүүсүнө ортомчу болуп жаткан ЕККУ өкүлү Мартин Сайдик өз алдынчалыгын жарыя кылышкан Украинанын Луганск, Донецк жана Донбасс бийликтеринин расмий Киев менен мунасага келүү ниети жоктугуна камтама экендигин билдирди.