Өкмөт Чолпон-Ата – Алматы жол курулушунун долбоорун жактырды

Премьер-министр Темир Сариев Чолпон-Ата – Алматы жолун куруу боюнча Казакстан менен түзүлгөн келишимге кол койду. Бул долбоор эки өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жана эл аралык туризмди өнүктүрүүнү көздөйт

Долбоорго ылайык, Алматыдан чыккан автожол Узун-Агач – Кастек ашуусу – Михайловка – Балыкчы аркылуу Чолпон-Атага жетет. Жолдун 1,5 чакырымын жана бир көпүрөнү кыргыз, калган курулушту казак тарап каржылайт. Чолпон-Ата – Алматы жолу 2017-жылдын майына чейин бүтөрү болжолдонгон. (UEz)