Оштогу аянтта 15 миңдей адам намазга жыгылды

Ош шаары, борбордук аянттагы айт намазы. 24-сентябрь, 2015-жыл.

Ош шаарынын борбордук аянтында окулган Курман айт намазына 15 миңдин тегерегинде адам келди. Айрымдар чогулгандардын саны 20 миңден ашканын маалымдашты. Иш-чарага шаар мэриясынан жана өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүнөн да жетекчилер катышты. Мындан сырткары шаардагы 60тай мечиттин баарында калаа тургундары майрамдык намазга жыгылды. Түштүк борбордо Курман айт күнү 50-60тай бодо мал жана онго жакын кой союлары кабарланган. (ErN)