Кыргызстандык режиссердун фильми Орусиядагы фестивалга катышат

Орусияда «Артдокфест» документтүү кино фестивалынын 2015-жылдагы конкурстук программасына кыргызстандык Чынгыз Нарыновдун «Темир нан» («Металический хлеб») аттуу фильми тандалып алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Фестиваль ушул жылдын 8 - 16-декабрында Москвада өтөт. Уюштуруучулар ага 25 миңден ашык көрүүчү келет деп күтүп жатышат.

“Артдокфест” автордук документалдуу фильмдердин фестивалы. Бардык жанрдагы жана багыттагы, форматтан тыш документалдык тасмалар көрсөтүлүүчү чыгармачыл майдан. (МТо)