Обама менен Путин Украина, Сирия кризисин талкуулады

Нью-Йоркто АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин жолугушуп, Украина, Сирия кризисин талкуулады.

Бул эки лидердин 2013-жылдын жайынан берки биринчи жолугушуусу.

Бириккен Улуттар уюмунун штаб-квартирасында өткөн жолугушуу пландалган убактан узакка созулду.

Ак үйдүн өкүлү билдиргендей, сүйлөшүүнүн жарымы Украинадагы кырдаалга арналды.

Орусия президенти эки тараптуу жолугушуу ачык жана пайдалуу өткөнүн белгиледи. (KE)