Орусиянын либерал-демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновский СССРдин экс-президенти Михаил Горбачевду сотко берди. Ал аны жалган каралоого айыптап чыкты деп жазат “Московский Комсомолец” гезити. Жириновскийдин Горбачевдон 1 миллион рубль талап кылган арызы 7-сентябрда жазылган.
ЛДПРдин лидерине Горбачевдун “Кремлден кийин” аттуу китебиндеги ал тууралуу жазгандары жакпай калган. Анда Горбачев Жириновский тууралуу экстремисттик чакырыктарды жасады деп жазган жери бар.
“Кремлден кийин” аттуу китеп 2014-жылы жарык көргөн. Анда Горбачев Орусияда акыркы 20 жылда болгон саясий өзгөрүүлөргө сереп салат. (BCh)