Мотоцикл айдоочусунун өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Бишкекте мотоциклченди коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, кечээ 29-сентябрда Бишкекте «Мазда-Демио» автоунаасы менен мотоцикл сүзүшкөн.

Мотоциклдин 27 жаштагы айдоочусу алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Аны сүзгөн унаанын айдоочусу качып кетүүгө үлгүргөн.

Ушул тапта тергөө жүрүүдө. (AzK)