Анжиян облусуна караштуу Шахрихан районундагы унааларга метан газын куйган бекетте “Нексия” унаасы жарылып, бир адам мерт кетти. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, окуя 1-октябрда болгон. Жарылуунун себептери такталууда. Алдын ала маалымат боюнча ага техникалык мүчүлүштүк себеп болушу ыктымал.
Өзбекстанда күйүүчү май кымбат болгондуктан, айдоочулардын көбү унааларына газ баллондорун орнотуп алган. (SE)