Борбордук шайлоо комиссиясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, ушул тапта 52 шайлоо участкасы менен байланыш жок , дагы 22синде байланыш начар болууда. Мындан улам Боршайком бул участкалардан маалыматтар кечигиши мүмкүндүгүн билдирди. Кыргызстанда жалпы шайлоо жараянына карата 2 374 шайлоо участогу ачылган. Алардын 36сы чет мамлекеттерде. (AzK)