Ошто кызына жасалма күбөлүк даярдаган аял кармалды

Өзгөн районунун тургуну, 23 жаштагы О.М аттуу келин төрт жаштагы кызын ээрчитип, жасалма күбөлүк менен Ош-Москва багыты боюнча учууга камынып жаткан жеринен колго түштү. Ош майданында кармалган аял кызынын сүрөтүн башка 5 жаштагы кыздын күбөлүгүнө чаптап алганы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаары жана Ош облусу боюнча милиция бөлүмүнөн кабарлашты.

4-октябрда бул факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Буга чейин да Ош эл аралык аэропортунан жасалма документтер менен баратып күч кызматтарына кармалган фактылар катталган. (ErN)