Саат кечки 5ке карата 42% шайлоочу добуш берди

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Атап айтканда, кечки саат 5ке карата 1 162 011 шайлоочу добуш берген.

Бүгүн Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 14 партия ат салышууда. Кыргызстан боюнча добушканалар саат 8де жабылат.