Ош мэриясы шайлоодо иштеген милиционерлерге акчасын төлөп берет

Парламенттик шайлоонун алдында жана добуш берүү күнү Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын коопсуздугун кайтарган эки миңдей милиция кызматкеринин тамак-ашы үчүн калаа бийлиги 100 миң сом төлөп берет. Шаардык ички иштер башкармалыгында иштегендер убада кылынган бул акча берилбей жатканына нааразылык билдирген болчу. Мэрия мыйзам боюнча акча шайлоо өткөндөн кийин төлөнүшү керектигин билдирди.

Каражат жакын арада Ош шаардык жана Ош облустук милициясынын башкы башкармалыгынын эсебине которулат.

Шайлоонун алдында мэр Айтмамат Кадырбаев коопсуздукту караган тартип сакчыларынын тамак-ашы үчүн 100 миң сом берерин убада кылган.

4-октябрда Оштогу ар бир шайлоо участкасында алтыдан милиция иштеди. Мындан тышкары Ошто тартип сакчыларына жалпысы эки миңдей элдик кошуун көмөктөштү. (ErN)