Ошто көмүр жүктөп бараткан унаа дарыяга кулап түштү

5-октябрга караган түнкү саат 02:30дар чамасында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагында оор жүк ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү унаа көмүр жүктөп келе жатып кырсыкка учурады. Жүк унаа көпүрөдөн кулап Ак-Буура сайына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ош-Араван жолунунун 71-чакырымында орун алган кырсыктан каза болгондор жок. Айдоочунун колу сынып ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө. Аталган министрликтин аймактык бөлүмү тарабынан 1 кран жана 1 жумушчу топ ишке тартылып, көпүрөнүн бузулган бөлүгү калыбына келтирилди.

Көмүр ташуу кышка дейре уланат. Ал атайын менчик ишканалардын жана жеке менчик жүк ташуучу унаалар аркылуу ишке ашырылат. (ErN)