Ош шаардык шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, ушул тапта калаа тургундары кайсы партияларга канча добуш бергени эсептелип бүттү. Ага ылайык, шаардан 76 миң 302 шайлоочу партияларды тандоого катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 59%ын түзөт.
Мунун ичинен 30 миң 416 (39,7%) КСДП партиясына, 12 миң 476 (16,7%) “Республика-Ата Журт” партиясына, 10 миң 34 (13,8%) жаран “Кыргызстан” партиясына, 6 миң 451 (8,5%) “Бир Болго”, 5 миң 618 (7,4%) “Өнүгүү – Прогресс” партиясына добуш берген.
Ал эми Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго тарапташ болгон жана анын “Улуттар биримдиги” партиясына кошулган “Ата Мекен” партиясы шаардан 4 миң 437 (5,8%) добуш алган.
“Бүтүн Кыргызстан -Эмгек” шаардан үч пайызга жетпеген добуш алса, калган “Замандаш”, “Ар-Намыс”, “Улуу Кыргызстан”, “Азаттык”, “Аалам”, “Кыргызстан элдеринин Конгресси” жана “Мекен Ынтымагы” партияларынын добуштары бир пайызга жеткен эмес. (ErN)