Алмазбек Атамбаев Сочиге учуп кетти

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн 7-октябрда Сочиге учуп кетти. Өлкө башчынын маалымат кызматынын кабарлашынча, президенттер жолугушуусунда кыргыз-орус экономикалык алака-катыштар талкууланат.

Сүйлөшүүлөрдө Евразия экономикалык биримдигинин шартындагы жаңы проблемалар да козголот.

Бүгүн орус президенти Владимир Путиндин туулган күнү. Ал жеке майрамын хоккей аянтында белгилөө үчүн Сочиге келген. (SE)