Премьер-министрдин Жалал-Абаддагы иш сапары уланууда

Өкмөт башчы Темир Сариев Жалал-Абад облусундагы социалдык объектилердин курулуш иштери менен таанышып, жаңы мектептин ачылыш салтанатына катышат.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, премьер издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун улутташтырылган мүлкүнүн абалын да көрөт.

Кечинде Кочкор-Ата шаарында башталуучу республикалык спартакиаданын ачылышына катышат. (RsK)