Бишкекте инкассатордон 600 миң доллардан ашуун акчаны уурдашты

Бишкек шаарында мекемелерге таандык акчаларды ташуучу адиске белгисиз кишилер кол салып, 612 миң долларды уурдап кетишти. Окуя 8-октябрга караган түнү болгонун “Азаттыкка” Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Инкассатор “Транс-Сервис KG” фирмасында иштейт. Ал кол салуу учурунда мээси чайкалып, кансыраган абалда ооруканага түшкөн.

Кылмышты Свердлов райондук милициясы иликтеп жатат. (SE)