Эрдоган Орусияны экономикалык ымаланы үзүүнү айтып коркутууда

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусияга Сириядагы аскерий аракеттери эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына доо кетирерин эскертти.

8-октябрь күнү Эрдоган “Түркияны жоготуу Орусия үчүн олуттуу кыйынчылыктарга жол ачышы ыктымал”, - деди.

Анкара Москвадан газ сатып алууну токтототуп, башка өнөктөш издейбиз деп жатат.

Түркия 3-октябрда Орусиянын аскерий учактары Түркиянын аба майданына кирип кеткенин билдирип, ал боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.(BCh)