Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Колго түшкөн эки жаран калаадагы турак жайлардын биринен 24, экинчисинен 6 миң АКШ долларын жана үчүнчү үйдөн 4 миң доллар турган зер буюмдарды уурдаганы аныкталды.
Кармалгандар Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары болуп чыкты.
Иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу иликтенүүдө. (ErN)