Назарбаев: Астана "дипломатиялык хаб" болгусу келет

Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Le Figaro гезитине берген интервьюда Астананын “дипломатиялык хаб” болуу ниети бар экенин айткан. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы маалымдады. “Биз Батыш менен Чыгыштын чек арасында турган тынч эмес аймактагы дипломатиялык хаб болгубуз келет” деген Назарбаев.

Француз гезитине Назарбаев байытылган урандын эл аралык банкын Казакстанда түзүү “ядролук куралды жайылтпоого кошкон салым” экенин билдирген. Ал ядролук куралдан баш тартуу өлкөгө инвесторлордун кызыгуусун жаратканын белгилеген.

Минск келишими жана Сириядагы кырдаалга токтолуп, Орусияга санкция жарыялоо тийиштүү натыйжасын бербегенине токтолгон. Бирок Сириянын ички ишине кийлигишүү эл аралык келишимдерге каршы келерин айткан.

Астана менен Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) Казакстанда төмөн байытылган урандын банкын түзүү келишимине 27-августта кол коюлган. Банк Чыгыш-Казакстан облусунда, Өскемен шаарындагы Ульбин металлургиялык заводунун аймагында жайгашмакчы.