Кишиневдогу демонстранттар башкы проспектти бууп салышты

Кишиневдогу нааразылык акциясына чыккандардын лагери

12-октябрдын таңында Молдованын баш калаасы Кишиневдо нааразылыкка чыккан жүздөгөн адамдар борбордогу Штефан чел Маре бульварын унаалар менен тороп салышты.

Шаары мэриясы жана полициянын акцияга катышкандар менен эки саатка созулган сүйлөшүүлөрүнөн соң бульвар кайра ачылды. Полициядан маалымдашкандай, акцияны Ренат Усатыйдын “Биздин партиясы” жана Игорь Додондун Социалистик партиясы уюуштурган. Эки партия сентябрдын башынан бери Кишиневдо массалык митингдерди уюштурушууда.

Акцияга чыккандар былтыр күздө Молдованын банктарынан бир миллиард доллардын жоголуп, бирок бул көз боемочулук боюнча эч чара көрүлбөгөнүнө нааразычылыгын билдирип, президент Николай Тимофтинин, өкмөттүн отставкасын, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып келишет.

Ал арада Игорь Додон 15-октябрда ири масштабдагы акция өткөрүлөрүн жарыялады. Анын айтуусунда парламенттин кезектиги жыйыны башталганда он миңдеген адамдар имаратты курчап, бардык эшиктерин тороп салышат.