Ноокатта санитардык эреже сакталбаган төрт соода жайы жабылды

Бул тууралуу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан “Азаттыкка” кабарлашты. Адистер Ноокат шаарындагы, Көк-Жар, Жаңы-Ноокат айылдарындагы базарларды, ашкана, кафелерди, жалпысынан 200дөй соода жайын текшерген. Натыйжада 4 объектте санитардык-гигиеналык норма сакталбаганы аныкталды.

Мындан сырткары дагы 10 чакты тамактануучу жайга эскертүү берилди.

Буга чейин Ош шаарында жана Ноокат районундагы айрым кафелерде тамактан курт-кумурска, айнектин сыныктары жана чач чыккан фактылар катталган. (ErN)